super.kg logo

Казакстанда акимдин гүл менен түшкөн сүрөтү сынга кабылды (видео)

 

Казакстандын Актөбе облусунда айыл округунун башчысы Ляззат Бердыбаеванын жоогазын гүлү менен түшкөн селфи сүрөтү коомчулуктун сынына кабылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар КТК телеканалына шилтеме берүү менен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, сүрөт социалдык тармактарга жарыялангандан кийин колдонуучулар мамлекеттик коргоодогу өсүмдүктөрдү жулуп алуу фактысы боюнча суроолорду берип, түшүндүрмө талап кылышкан. Ляззат Бердыбаева бул гүлдөрдү кызы менен эс алуу учурунда алганын айтып, ал жерде гүл жулууга тыюу салган белгилер болгон эместигин билдирген.

Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, учурда Мугалжар райондук ички иштер бөлүмү бул окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Ошол эле учурда акимдин гүлдөрдү өзү жулганы боюнча так далилдер жок болгондуктан, жоопкерчилик маселеси тактала элек.

"Актөбе облусунун полиция департаменти текшерүүнүн жыйынтыгы кийинчерээк маалымдаларын билдирди", - деп жазылат маалыматта.






Акимдин гүл менен түшкөн сүрөтү талкуу жаратты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: