super.kg logo
  Саясат  

"Актоого жатпайт". Садыр Жапаров Кашмирдеги терактка байланыштуу Модиге көңүл айтты

 

Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Пахалгам шаарында болгон терактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

"Пахалгам шаарындагы террордук акттын кесепетинен көптөгөн күнөөсүз адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул кылмыш эч кандай актоого жатпайт жана анын уюштуруучулары менен аткаруучулары тиешелүү жазага тартылышы керек деп эсептейбиз. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын аза кайгыларын тең бөлүшүп, көңүл айтам, жабыр тарткан жана жаракат алган адамдардын тез арада сакайып кетишин каалайм", - деп айтылат телеграммада.

Белгилей кетсек, кечээ, 22-апрелде Индиянын туристтик Пахалгам шаарында куралчан адамдар туристтерге ок чыгарып, 26 адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: