super.kg logo

SUPER.KG порталынын Медиа-портал бөлүмү 17 жылдын бери иштеп келет 

 

Мындан 17 жыл мурун, тактап айтканда, 23-апрель 2008-жылы SUPER.KG порталы Медиа-портал бөлүмү менен толукталган. Ушул күндөн тартып аталган порталдын окурмандары жаңы ырларды, клиптерди өз убагында угуу жана көрүү мүмкүнчүлүнө ээ болушту. Бул маалда кыргыз эстрадасынын жаңы өкүлдөрү чыгып, көп ырлар жазылып, байма-бай клиптер тартылып баштаган. Албетте, анын баары порталга жайгаштырылып турган.

Азыркы күндө дагы Медиа-портал бөлүмү жаңы клип, ырларды окурмандарына кечиктирбей сунуштап келет. Бул бөлүмдөн окурман ар кандай жанрдагы акыркы чыккан чыгармаларды кыйынчылыксыз таба алат.


Медиа-порталдын өзгөчөлүгү – сиз жактырган ырды же клипти уюлдук телефонуңузга жүктөп алууга шарт түзүлгөн. Мындан тышкары сиз каалаган ырчынын ырлар жана клиптер тизмегин таба аласыз. Муну менет катар SUPER.KG порталына эң акыркы тиркелген видеолорду дагы дал ушул бөлүмдөн оңой таап алсаңыз болот.

Ал эми SUPER.KG порталы өзү 2005-жылы каттоодон өтүп, 2006 -жылдын 28-мартынан баштап иштей баштаган. Алгач ал учурда "Супер-Инфо" гезитинин электрондук версиясы жайгаштырылчу. Чет жерде жашап, окуп, гезит сатып ала албаган кыргыз жарандарына бул көктөн издегени жерден табылгандай болгон.

Ал эми 2012-жылы SUPER.KG порталы "Супер-Инфо" гезитинен бөлүнүп, өз алдынча компания катары ишин уланткан.
Бүгүнкү күндө медиада Соңку кабар, "Супер-Инфо", Видео, Медиа-портал, Кинозал, Жылнаама, жана Суперстан бөлүмдөрү камтылган. Биздин окурмандар SUPER.KG порталынан жаңылык окуп гана тим болбостон, аталган бөлүмдөрдүн жардамы менен кино, клип, видео көрүп, ыр уга алышат.

23-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: