super.kg logo

Шамшы коругунда эне илбирс эки баласы менен жүргөн сүрөтү тартылып калды (фото)

 

Бишкектен 90 чакырым алыстыкта жайгашкан Ала-Тоо кыркасындагы Шамшы жапайы жаратылыш коругунда фотокапкандар эне илбирсти эки баласы менен чогуу тартып алды. Бул тууралуу "Кыргызстандагы ак илбирсти коргоо" фонду билдирди.

Маалымдалгандай, эне илбирстин балдары менен жүрүшү жаратылыштагы ак илбирстер популяциясынын тукум улоо жөндөмүнүн жакшы абалда экенин билдирет.

"Бул сейрек кездешүүчү жана жүрөк жылыткан көрүнүш – талаа командаларынын талыкпаган эмгегинин жана илбирстерди коргоо боюнча жүргүзүлгөн көп жылдык иштердин натыйжасы.

Бул жетишкендик браконьерчиликке каршы күрөш, жапайы жаныбарлардын жана алардын жашоо шарттарынын сакталышы, ошондой эле жергиликтүү жамааттарды ишке тартуу аркылуу мүмкүн болду.

Ошентсе да илбирстер дагы эле жашоо чөйрөсүнүн кыскарышы, климаттын өзгөрүшү жана мыйзамсыз соода сыяктуу коркунучтарга кабылып келет. Бул жаратылыш кереметин сактап калуу үчүн аракеттерди улантуу абдан маанилүү", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: