super.kg logo
  Саясат  

"Эч кимдин мурду бүткөн жок". Депутат Талиева кечээки сөзүнөн кийин чалгандар болгонун айтты 

 

Бүгүн, 24-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Баткен мамлекеттик университетинин ректорлугуна кызыгуусу жок экенин билдирди.

Ал кечээки жыйында сүйлөгөн сөзүнөн кийин чалгандар болгонун айтты.

"Ректордун ордуна эч кимдин көзү күйүп, мурду бүткөн жок. "Шайлоо жакындап жатат, ректордун орду керек болуп калган окшойт" деп бир канчасы чалды. Мен кечээ БатМУдагы 18 миллион сомго жакын коррупциялык схемалар тууралуу айттым.

Ал маалымат УКМКныкы, так маалымат. Акча болсо элдики, ошол акчаны ордуна коюп койсун! Кулагыңарга күмүш сырга, айтып койгула ошого! Айтып барчулар бар", - деди ал.

Айта кетсек, Талиева парламенттин 23-апрелдеги жыйынында БатМУда жемкорлук иши аныкталса дагы, ректор кызматынан алына электигин айткан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: