Аравандан 150 тонна капуста Новосибирскке экспорттолду
Ош облусунун Араван районунда күнөсканада өстүрүлгөн 150 тонна капуста Орусиянын Новосибирск облусуна экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалыматында айтылат.
Маалым болгондой, Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн Уйгур-Абад айылында капустанын басай сорту ушул жылдын январь айында эгилген.
Учурда анын биринчи түшүмү Орусиянын Новосибирск облусуна экспорттолуп жатат.
Белгилей кетсек, республика боюнча Араван районунда эң алгачкы жазгы талаа иштери башталат. Аталган райондо эң биринчилерден болуп картошка да айдалып, жакын арада анын биринчи түшүмү алына баштайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.