Бишкектин 147 жылдыгына карата "Ала-Тоо" аянтында масштабдуу иш-чара өтөт
Бишкек шаарынын 147 жылдыгына карата борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында 26-27-апрель күндөрү масштабдуу иш-чара уюштурулат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган күндөрү саат 13:00дөн 22:00гө чейин салттуулук менен заманбап технологияларды айкалыштырган спектаклдер жана оюн-зоок көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдү күнү бою кубанткан жаштардын флешмобдору уюштурулат.
Ошондой эле жандуу үн менен коштолгон концерт, көз жоосун алган бий, виртуалдуу технологияларды колдонгон стенддер, интерактивдүү оюндар жана өзгөчө добуштар менен коштолгон 3D-мэппинг шоу шаар тургундарына майрамдык маанай туртуулайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.