super.kg logo

Кытай өкмөтү Трамптын айткандарын төгүндөдү

 

Пекин Вашингтон менен соода маселелери жана тарифтер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жок. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Го Цзякун брифингде билдирген.

"Булардын баары жалган маалымат... Биз акырына чейин күрөшөбүз. Бирок сүйлөшүүлөргө эшик ачык", - деп жазат анын сөздөрүн ТАСС агенттиги.

Го Цзякун Кытай АКШ менен тарифтик диалогду өз ара урматтоо принциби менен тең шарттарда гана жүргүзүүгө даяр экенин кошумчалаган.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Пекин соода маселелери боюнча күн сайын байланышта болуп жатканын айткан.

Белгилей кетсек, Трамп апрель айынын башында 185 өлкөдөн келген товарларга бажы алымдары киргизилгенин жарыялаган. Анда Кытайга карата алымдар 34 пайыздык чекте киргизилген. Көп өтпөй Пекин жооп кылып АКШдан импорттолгон бардык продукцияга 34 пайыз өлчөмүндө кошумча алымдарды киргизген.

Андан бери эки өлкө бири-биринин товарларына болгон бажы алымдарын улам-улам көтөрүп келишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: