super.kg logo

Улан Примов Кипр элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

 

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Кипрдин Кыргызстандагы элчиси Кипрос Йоргаллис менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушууда Кыргызстан менен Кипрдин ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү, соода, маданият, билим берүү тармактарда байланыштарды жакшыртуу тууралуу сөз болду. Улан Примов Кыргызстан Кипр менен биргелешкен долбоорлорду, өзгөчө энергетика, инвестиция, транспорт жана туризм тармактарында ишке ашырууга кызыкдар экенин айтты.

"Бул жаатта чогуу бизнес форумдарды уюштуруп, ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө аракеттенүү маанилүү багыттардын бири. Өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан реформалардын басымдуу бөлүгү да ушуга багытталган", - деди комитет төрагасы.

Эл өкүлү эки өлкөнүн парламенттери да тыгыз байланышта болушу керектигин айтып, Жогорку Кеңеште атайын депутаттык достук тобу түзүлгөнүн кошумчалады.

Мындан тышкары Кыргызстан менен Кипр ортосунда кызматташтыкты арттыруу мүмкүнчүлүктөрү чоң экенине карабай, товар жүгүртүүнүн көлөмү төмөн бойдон калып жатканына көңүл бурган комитет төрагасы бул жаатта тийиштүү иштерди алып баруу зарылдыгын ортого салды.

Ал эми элчи Кипрос Йоргаллис бул Кыргызстанга үчүнчү жолу келиши экенин айтып, жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Кипр Кыргызстандын реформаларын жана тышкы саясатын колдой турганын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: