super.kg logo

Стамбулдагы катуу жер силкинүүдөн кийин 266 жолу майда жер титирөөлөр катталган

 

Түркиянын чукул кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) Стамбулдагы 6,2 баллдык жер титирөөдөн кийин 266 афтер силкинүүнү катталганын билдирди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

"24-апрелдеги күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөөдөн кийин жалпысынан 266 афтер силкинүү катталды, анын ичинен 258и 0-4 баллга чейин, 7си 4-5 баллга чейин, ал эми бир жолу 5 баллга жеткен жер титирөө катталды", - деп айтылат маалыматта.

AFAD билдиргендей, жер титирөөлөр эпицентрден чыгыш тарапта 10-15 чакырым алыстыкта ​​чыңалууда. Жер титирөө жакынкы күндөрү дагы уланышы мүмкүн экендиги кошумчаланган.

Белгилей кетсек, буга чейин Стамбулда жер титирөө болгондугу айтылып, жаратылыш кырсыгы кайталагандыгы белгилүү болгон. Мындан улам 240 жаран жабыркап, 12 үйдүн жашоочулары коопсуз аймакка көчүрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: