super.kg logo

"Үч күн убакыт беребиз". Индия бийлиги туристтерге болгон кол салуудан кийин расмий кадамдарга барды

 

Индиядагы теракттан кийин бийликтер Пакистандын бардык жарандарын үч күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылышты. Буга жооп кылып Пакистан Индиянын авиакомпаниялары үчүн аба мейкиндигин жаап, бардык соодасын токтоткон. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Айта кетсек, 22-апрелде Индиянын туристтик Пахалгам шаарында куралчан адамдар чабуул жасап, кеминде 26 адам каза болгону кабарланган. Бул аймак Индия менен Пакистандын талаштуу аймагында жайгашкан жана Индия тарабынан көзөмөлдөнөт.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди коопсуздук боюнча чукул жыйын өткөрүп, бийликтеги Бхаратия Жаната партиясынын башчысы чабуул үчүн пакистандык согушкерлерди айыптады.

Трагедияга жооп иретинде Индиянын Тышкы иштер министрлиги катуу билдирүү жасап, Пакистандын бардык жарандарын үч күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылды. Ошол эле маалда өлкө кээ бир дипломаттарын чакыртып алып, Кашмирдеги көзөмөл пунктунда аскердик көзөмөлдү күчөттү.

Пакистан ага дароо жооп кайтарды. Алар аба мейкиндигин Индияга таандык же пайдаланган бардык авиакомпаниялар үчүн жапты. Индиялык жарандардын өлкөдөн чыгып кетүү буйругун жарыялап, бардык соода-сатык иштерин токтотушту. Исламабаддагы Индиянын коргонуу, деңиз жана аба күчтөрүнүн кеңешчилерине персона нон грата деп жарыялашты.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: