super.kg logo

Эмгек министрлиги Орусиядагы кыргызстандыктарга кайрылды

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусияда мыйзамсыз жүргөн кыргыз жарандарына алардын укуктук абалын жөнгө салуу убактысы 10-сентябрга чейин узартылганын билдирди.

Анда айтылгандай, 10-сентябрга чейин мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктар Орусиянын аймагынан чыгып кетүүгө же укуктук абалын жөнгө салууга милдеттүү.

Төмөнкү жол-жоболорду 10-сентябрга чейин жүргүзүү зарыл:

  • убактылуу жашаган жери боюнча аймактык миграциялык органда каттоого туруу;
  • манжалардын издерин тапшыруу, сүрөткө тартуу процедураларынан жана медициналык кароодон өтүү;
  • эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүү;
  • убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу;
Орусияда жүргөн кыргызстандыктар өздөрүн Орусиянын Ички иштер министрлигинин mvd.ru расмий сайтынан көзөмөлдөөчү реестрдеги жарандардын тизмесинен (реестр контролируемых лиц) текшерүүсү керек.
Бардык суроолор боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек боюнча кайрылуу керек: Москва ш., Малая Полянка көч., 7-үй, корп. 5, (метро Полянка).
Байланыш номурлар: +7 996 968 98 97 (күнү-түнү иштейт); +7 925 030 26 27 (дүйшөмбү-жума 9.00-18.00 МСК).
Эске салсак, буга чейин Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Орусияда мыйзамсыз жүргөн кыргыз жарандарына алардын жүрүүсүн мыйзамдаштырууга 30-апрелге чейин убакыт берилгенин кабарлаган эле.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: