super.kg logo

Японияда кыргыз балын уурдаган карыя эсиңиздеби? Ага кыргыз тарап кымбат балды белек кылды

 

Япониянын Осака шаардык полициясы Осака шаарында өтүп жаткан World Expo 2025 көргөзмөсүндөгү Кыргызстан павильонунун жетекчилиги менен байланышты.

Кыргызстандын катчылыгы билдиргендей, павильондун жетекчилиги кыргыз балын уурдаган карыяга доомат коюудан баш тарткан.

Карыя полициянын коштоосунда окуя үчүн кечирим суроо үчүн Кыргызстан павильонуна алынып келинген. Ага кыргыз тарап жогорку даражалуу конокторго белекке берилген балдын эң жакшы жана кымбат түрлөрүнүн бирин, ошондой эле сувенирлерди жана белектерди тапшырган.

Павильондун өкүлдөрү окуяны түшүнбөстүк катары баалап, Осака полициясынан карыяны камабоону суранышкан.

Белгилей кетсек, буга чейин Осакада Кыргызстандан өндүрүлгөн балды уурдоого шектелип 83 жаштагы карыя кармалган. Ал болжол менен баасы 47 доллар болгон балды уурдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: