super.kg logo

Май айындагы каникулду чет өлкөдөн өткөрүңүз: О! интернет-роуминги менен байланышта болуңуз

 

Алдыда кыргызстандыктар көптөн күткөн май майрамдарында эс алышат. Бул саякатка чыгуу, жаңы жерлерди көрүү же жөн эле жагдайды өзгөртүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Ал эми жакындар менен байланышты үзбөй, сапарда болгон учурда да интернетти колдоно билиш үчүн О! операторунан 1 мегабайтка болгону 1 сом тарифи менен «Интернет-роуминг» кызматын кошуп алыңыз. Бул абдан ыңгайлуу жана пайдалуу – симканы алып чыгуу жана орнотуу талап кылынбайт.

Эң пайдалуу вариант – мегабайттардын керектүү көлөмү менен интернет-топтомду кошуп алуу. Мындайча жеке бюджетиңиздин чегинен чыкпайсыз, мындан тышкары дагы 10% үнөмдөй аласыз:


90 сомдон 1000 сомго чейинки топтомдордон бирди тандап, кийинкидей популярдуу өлкөлөрдө жүргөндө интернет-трафик менен камсыз болуңуз:

Вьетнам, Түркия, Таиланд, БАЭ, Россия, Грузия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Сауд Аравиясы, Армения, Беларусь, Испания, Италия, Бельгия, Дания, Люксембург, Германия, Түштүк Африка, Кувейт, Катар, Түштүк Корея, Албания, Чехия, Гана, Улуу Британия, Греция, Ирландия, Мозамбик, Нидерланд, Португалия, Румыния, Танзания, Конго, Венгрия, Австрия, Лихтенштейн.

Бир нече топтомду активдештирсе да болот – трафиктер кошулат.

Бүгүнкү күндө интернет-роуминг – баарына жеткиликтүү. Кызмат чет өлкөгө барган учурда, аэропорттон үч эсе кымбат баага SIM-карта сатып алуу зарылдыгынан бошотуп, учак конор замат байланышта болуу мүмкүндүгүн берет.

Кыргызстандан чыга электе эле «Мой О!» тиркемесинен кошуп алыңыз. Төлөм иш жүзүндө колдонулган роуминг-кызматтар үчүн гана алынат. Баскычтуу телефон көтөрүп жүргөндөр *997# акысыз буйрутмасын терүү аркылуу кызматты кошуп алса болот.

Роумингде О! онлайн-колдоосу

Саякатчылардын ыңгайлуулугу үчүн WhatsApp 996 705 700 700 : https://wa.me/996705700700 аркылуу 24/7 О! онлайн-колдоосу жеткиликтүү.

Баалар бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн. Роумингдеги бардык кызматтар боюнча маалымат менен o.kg сайтынан тааныша аласыз.

«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: