Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгүндөгү тротуарлар оңдолууда
Бишкек шаарындагы Чүй проспектисинин тротуарлары капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабындагы тротуарларда оңдоо иштери жүрүп жатат.
"Учурда бригада тротуардын негизин даярдап, грейдер менен тегиздеп, ныктоо иштерин жүргүзүүдө. Буга чейин эски асфальтты сыйруу, тротуар бордюрларын орнотуу иштери бүткөрүлгөн", - деп билдирди мэрия.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.