super.kg logo

Өнөктөш-ресторандар реалдуу буйрутма бергендиги үчүн Яндекс Go тарабынан алга жылдырылышы мүмкүн болуп калды

 

Эми Яндекс Go өзүнүн өнөктөш-ресторандарын буйрутмалар үчүн төлөм жүргүзүүнүн негизинде алга жылдырылышы мүмкүн болуп калышты.

Алгачкы кампаниянын жыйынтыгы боюнча өнөктөштөр 25% чейин кошумча буйрутмаларды алышат. Тиркемедеги алга жылдыруу ресторандарга жеткирүү аймагындагы жана окшош жерлерден жасалган тамактарга кызыккан колдонуучулардын издөө натыйжаларында жогорулоого жардам берет.

Яндекс Go Тамак тиркемесинин маалыматы боюнча, колдонуучулардын 69% издөөнүн жыйынтыгында акыркы карталарды окубайт, ал эми буйрутмалардын 50% алгачкы 15 ресторанга жасалат.

Буйрутма боюнча төлөө промосун кошуу менен, мекеме “Сиз буйрутма бердиңиз” блогунда биринчи орунду ээлейт же издөөдө, тематикалык тандоолордо жана башка бөлүмдөрдө өз картасын башка ресторандардын карталарынан жогору коёт. Берүү позицияларынын натыйжасын аукцион-алгаритм аныктайт. Ал конкреттүү кардардын каалоолорун, буйрутма берүү ыктымалдыгын, белгиленген сунуштун өлчөмүн жана мекеменин рейтингин талдоочу алгоритм болуп саналат.

Ресторан чендин өлчөмүн тандап же кызматтын сунуштарын колдоно алат: чен канчалык атаандаштыкка жөндөмдүү болсо, мекеменин картасы ошончолук жогору болот. Буйрутма үчүн төлөм жүргүзүү менен алга жылдыруу факт боюнча кийинки төлөмдү билдирет жана өнөктөштөрдү жылдыруу учурунда балансты көзөмөлдөө зарылчылыгынан бошотот. Алга жылдыруунун баасы буйрутманын жалпы наркынан автоматтык түрдө алынат.

Кампаниянын маалыматтары ачык-айкын жана өнөктөштөрдүн жеке эсебиндеги отчеттун негизинде көрсөтүлүп турат. Ресторандар көбүрөөк буйрутма алышы үчүн, кызмат алга жылдыруу инструменттерин мындан ары да өнүктүрөт.

Өнөктөш-Ресторандар Яндекс Тамак Вендор тиркемесиндеги өздөрүнүн жеке кабинетине кирип алга жылдыруу аракетин баштаса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: