super.kg logo

Эми мамлекеттик кызматкерлер өкмөттүк гезиттерге жазылууга милдетүү болот

 

Мамлекеттик кызматкерлер өкмөттүк үч гезитке милдеттүү түрдө жазылышы керек. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон тескеме "Эркин-Тоого" жарыяланды.

Анда жазылууга милдетүү делип, "Эркин-Тоо", "Кыргыз Туусу" жана "Слово Кыргызстана" гезиттери көрсөтүлгөн. Мындай чечим өлкөнүн маалымат саясатын бекемдөө жана улуттук басылмаларды колдоо максатында кабыл алынганы белгиленген.

Ошондой эле тескемеде тийиштүү болгон кызмат адамдары да бекитилген. Ага ылайык, президенттик администрациянын кызматкерлери, министрлер, ведомстволордун жетекчилери, алардын орун басарлары, бөлүмдөрдүн жетекчилери, облус башчылары, алардын орун басарлары, аппарат жетекчилери, мэрлер, алардын орун басарлары, акимдер, орун басарлары, айыл өкмөт башчылары, мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жетекчилери, алардын орун басарлары жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун жетекчилери орун басарлары менен бирге катталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: