super.kg logo

Бишкектеги аскердик парадга кызуу даярдык жүрүүдө (фото)

 

Бүгүн, 25-апрелде Токмок шаарындагы 52806 аскер бөлүгүнүн базасында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парадга карата машыгуу болуп өттү. Бул туурасында Коргоо министрлиги билдирди.

Айта кетсек, аскердик парад 8-майда Бишкектин борбордук аянтында өтөт.

Машыгууга Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери жана өлкөнүн башка күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты. Катышуучулардын жалпы саны болжол менен 3000 адамды түзөт.

Парадда 120дан ашык аскердик жана атайын техника көрсөтүлөт. Алардын катарында оор бронетехника, артиллерия, абадан коргонуу каражаттары жана авиация бар. Парадга Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн авиациясы да катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: