super.kg logo

Кытай АКШнын айрым товарларына 125 пайыздык бажы салыгын токтотушу мүмкүн

 

Кытай өкмөтү АКШнын айрым товарларына 125 пайыздык тарифтерди токтотууну карап жатканын Bloomberg булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Пекин медициналык жабдууларды, кээ бир өнөр жай химиялык заттарды жана жарым өткөргүч менен байланышкан товарлардын кеминде сегиз категориясын кошумча бажы алымдарынан бошотушу мүмкүн.

Кытай карап жаткан жеңилдиктер Вашингтондун жакында жасаган ушул сыяктуу кадамына жооп болмокчу. Ушул айдын башында АКШ Кытайдан импорттолгон товарларга 145 пайыздык бажы төлөмү киргизилген товарлардын тизмесинен электроникаларды алып салган. Ошентип, Кытайдын ноутбуктары, катуу дисктери, процессорлору, эстутум микросхемалары жана жалпак панелдүү дисплейлери кошумча алымдан бошотулган болчу.

Буга чейин тариф маселесинде АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан эле. Бирок Кытайдын Тышкы иштер министрлиги анын айтканын төгүндөгөн.

Белгилей кетсек, Трамп апрель айынын башында 185 өлкөдөн келген товарларга бажы алымдары киргизилгенин жарыялаган. Анда Кытайга карата алымдар 34 пайыздык чекте киргизилген. Көп өтпөй Пекин жооп кылып АКШдан импорттолгон бардык продукцияга 34 пайыз өлчөмүндө кошумча алымдарды киргизген.

Андан бери эки өлкө бири-биринин товарларына болгон бажы алымдарын улам-улам көтөрүп келишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: