super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарова Ала-Арчада көчөт отургузууга катышты (фото)

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-апрелде "Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине бара жаткан жолдо" эл аралык конференциясынын экинчи күнүнүн алкагында көчөт отургузууга катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Тянь-Шань карагайынын көчөттөрүн отургузуу аземи эл аралык конференциянын кадырлуу конокторунун катышуусунда Ала-Арча жаратылыш паркында өттү.

Иш-чара өтүүчү жерде тоо өндүрүмдөрүнүн жарманкеси уюштурулуп, салттуу музыка аткаруучуларынын катышуусунда кыска концерттик программа тартууланды. Мамлекет башчысы жана ардактуу коноктор көргөзмө павильондорун кыдырып, анда өлкөнүн бардык облустарынан келген өндүрүмдөр менен таанышышты. Ал жерде улуттук суусундуктар, дары жана чай өсүмдүктөрү, жүндөн жана кийизден жасалган буюмдар, кыргыздын салттуу даамдары – боорсок, бал жана башка көптөгөн нерселер коюлган.

"Катышуучуларга сый көрсөтүү иретинде жана кыргыз меймандостугу менен президент Садыр Жапаров катышуучуларга символикалык белектерди: эркектер үчүн салттуу баш кийим ак калпак, аялдарга улуттук баш кийимдерди жана кыргыз эл кийимдеринин элементтерин тартуу кылды. Иш-чара курчап турган чөйрөнү коргоо жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча Глобалдык тоо диалогунун катышуучуларынын күч-аракеттеринин биримдигин чагылдырган бак-дарактарды отургузуу аземи менен жыйынтыкталды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: