“Эл үмүтү” стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды

“Эл үмүтү” стипендиясынын максаты — Кыргызстандын эң таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк ЖОЖдордо магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.
“Эл үмүтү” стипендиясы жыл сайын президенттин фондунун каражатынан бөлүнүп турат.
Бул стипендия жекече мүнөздө болуп, жыл сайын Республикалык комиссия тарабынан конкурстук тандоодон өткөн таланттуу жаштарга ыйгарылат.
Жыл сайын 50 стипендия бөлүнөт, алардын ичинен:
- Техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 20 стипендия;
- Экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 10 стипендия;
- Социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 10 стипендия;
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.