super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Лесото кызматташтыгы талкууланды

 

Бүгүн, 25-апрелде "Туруктуу өнүгүү үчүн Глобалдык тоо диалогунун" алкагында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Лесото королдугунун вице-премьер-министри Нтоменг Маджара менен жолугушту. Бул туурасында президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Анын жүрүшүндө Эдил Байсалов конокко форумга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан тоолуу өлкө катары туруктуу өнүгүүгө, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга жана тоолуу аймактардагы базалык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого өзгөчө маани берээрин баса белгиледи.

Кыргыз тарап Лесотону "Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык планын" ишке ашырууга жана 2027-жылы "Бишкек+25" саммитине кошулууга чакырды.
Экономика, айыл чарба, энергетика жана логистика тармактарындагы эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

Тараптар достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар экендигин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: