super.kg logo
  Саясат  

Бакыт Төрөбаев Казакстандын премьер-министринин орун басары менен жолукту

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Астана шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Казакстандын премьер-министринин орун басары Серик Жумангарин менен жолукту.

Маалымдалгандай, жыйында эки тараптуу кызматташуу маселелери сүйлөшүлүп, жыйынтыгында Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Казакстанга экспорттоо үчүн жашыл коридор менен камсыз кылуу, эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары ортосунда мунай жеткирүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү жана эки мамлекеттин жарандары үчүн миграциялык эрежелерди жөнөкөйлөтүү механизмдерин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

"Кыргызстандын “Кыргыз Агрохолдинг” ААКсы Казакстандын Соода комитети жана “Казтрейд” ААКсы менен биргеликте экспортко чыга турган айыл чарба продукцияларынын тизмесин жана көлөмүн аныктоо боюнча мындан ары тыгыз иш алып бара турган болду. Мындан тышкары, социалдык маанидеги товарларды Казакстандын аймагы аркылуу импорттоо учурунда казак тараптын магистралдык темир жол тармагынын кызмат көрсөтүүлөрүндө тарифтик жеңилдиктерди колдонуу маселесине көңүл бурулду", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: