super.kg logo

Бишкекте Казакстандын жарандары уюштурган алдамчылыкка шектүү колл-борбор аныкталды (видео)

 
УКМК кибер алдамчылык боюнча мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштердин жүргүздү. Анын алкагында Казакстандын жарандары тарабынан уюштурулган Бишкек шаарындагы колл-борбордун кызматкерлерин кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, жетекчилери Казакстандын жарандары болгон колл-борбордун иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Анда кызматкерлер Кыргызстан менен Казакстандын жарандарын биологиялык активдүү кошулмаларды жана тиричилик техникасын сатып алууга көндүрүп, психологиялык таасир тийгизип, кардарларды лотерея сатып алууга ынандырышкан. Андан соң белгилүү бир эсептерге акча каражаттарын котортуп, утушка ээ болуу мүмкүнчүлүгү бир нече эсеге жогорулай тургандыгы айтылып турушкан. Бирок борбор тиешелүү салык органдарында каттоодон өткөн эмес жана лотерея өткөрүүгө лицензиясы жок болгон.
"Операторлор "Baribarda" тутумун пайдаланышканы (алыскы чалуулар үчүн IP-Телефония) аталган борбордун бардык серверлери жана маалымат базалары Казакстандын аймагында жайгашканы аныкталган. Мекеменин ишинде мамлекеттер аралык уюшкан кылмыштуу схеманы камтыган белгилери бар. Ал байланыштын заманбап каражаттарын жана финансылык пайда табуу максатында жарандардын аң-сезимин манипуляциялоо ыкмаларын колдонот. Ошондой эле бул схеманын курмандыктарынын басымдуу бөлүгү улгайган курактагы адамдар болгондугун белгилей кетүү керек", - деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын натыйжасында 43 кызматкер кармалды, аралдын төртөө жашы жете электер. Кармалгандар УКМКга жеткирилген. Мындан тышкары уюмдун ишине тиешеси бар 43 уюлдук телефон, 78 ноутбук жана ар кандай документтер алынган.
Учурда тергөө иштери улантылып жатат.





Бишкекте Казакстандын жарандары уюштурган алдамчылыкка шектүү колл-борбор аныкталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: