Бишкекте көчөдө мушташкан айдоочулар аныкталды (видео)
Бишкек шаарында көчөлөрдүн бирине унааларын жол ортосуна токтотуп коюп, мушташкан эки айдоочу аныкталып, кармалды. Бул туурасында Свердлов РИИБинин маалымат кызматы билдирди.Маалымдалгандай, окуя кечээ, 25-апрелде орун алган. Милицияга эки айдоочу тең бири биринин үстүнөн арыз жазып кайрылышкан.
Коомдук тартипти бузгандыгы үчүн экөөнө тең Кылмыш-жаза кодексиинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда 2002-жылы туулган С.И. жана 1995-жылы туулган К.У. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
Белгилей кетсек, буга чейин эки эргулдун мушташып жатканы тартылган видео социалдык баракчаларга тараган.
Мушташкан балдар кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















