Ирандагы порттордун биринде катуу жарылуу болду (видео)
Ирандын түштүгүндөгү Бандар-Аббас шаарынын жанындагы Шахид Ражаи портунда катуу жарылуу болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, Шахид Ражаи - Перс булуңуна жана Ормуз кысыгына кире бериште жайгашкан Ирандын ири соода портторунун бири. Ал Хормозган провинциясынын борбору Бандар Аббас шаарынан 23 чакырым батыш тарапта жайгашкан.
Айрым басылмалар портто болгон жардыруу күйүүчү май куюлган цистернадагы өрттөн улам болгонунун жазып чыгышты.
Алдын ала маалыматтар боюнча 50 жаран жабыр тарткан. Каза болгондор боюнча азырынча маалымат бериле электиги кошумчаланган.
26.04.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.