Ошто тоодо кырсыкка учураган өспүрүм куткарылды



Бүгүн, 26-апрелде Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылына жанаша жайгашкан тоодон 17 жаштагы Б.С. аттуу өспүрүм кулап жаракат алган. Окуянын кесепетинен анын буту сынып, башынан жаракат алган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, кырсык тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Алай райондук №68 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу чыгып, ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.
"Куткаруучулар өспүрүмдү тоодон түшүрүшүп, андан ары "Тез жарадам" кызматынын дарыгерлерине өткөрүп беришти. Учурда жабырлануучу тиешелүү медициналык мекемеге жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.