Баткен: Ок тийген чек арачыларга дарыгерлер операция жасашууда (фото)





Баткен облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн дарыгерлери чек арадагы атышууда ок тийген аскерлерге операция жасашууда. Баткендеги көз карандысыз журналист Адилбек Батыров билдиргендей, дарыгерлер жоокерлердин өмүрү үчүн болгон аракетти жумшоодо.
Автор: Автандил Добулбеков
Фото: Адилбек Батыров
“Чек арадагы аскердик кагылышуунун негизги себеби – такталбаган чек ара тилкелери. Баткен облустук саламаттыкты сактоонун координатору Сайпидин Тороевдин айтымында, жоокерлердин ички органдарына, буттарына ок тийген. Алардын бири өтө оор абалда, экөөсү оор абалда. Жаракат алган жоокерлер ооруканага саат 14:00дө алынып келинген. Андан кийин дагы 2 жоокер жеткирилди”,- дейт булак.
Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда бүгүн, 11-январда атышуу чыгып кыргыз тараптан 5 жоокер жаракат алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

чек араны ойлонбогон бийлик башчыларына наалат!