super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Кыргызстандын атынан Ирандын президентине көңүл айтты

 

Президент Садыр Жапаров Бендер-Аббас шаарындагы деңиз портунда болгон жарылууда адамдардын каза болушуна байланыштуу Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкианга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул туурасында мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

"Бандер-Аббас шаарында Шахид Ражаи деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм", – деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Белгилей кетсек, буга чейин Ирандын түштүгүндөгү Перс булуңунун жээгиндеги Бандар-Аббас портунда адам өмүрүн алган жарылуу катталып, миңден ашуун жаран жабыркагандыгы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: