super.kg logo

Көп балалуу энелерге акча берүүнүн тартиби сунушталды

 

Бийик тоолуу жана барууга кыйын алыскы аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку "Бала береке" төлөмүн берүүнүн тартибин аныктоо боюнча жобо иштелип чыкты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги даярдаган тиешелүү документ коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тартып төртүнчү жана андан кийинки наристени жарык дүйнөгө алып келген апалар тизмеге кирет. Төлөм ымыркай бир жашка толгондо анан берилет. Ошондой эле долбоордо бир катар шарттар белгиленген. Анда төлөмдү ала турган энелер тоолуу аймакта алты жылдан кем эмес жашаганын тастыктоого тийиш. Арыз берүүчү кыргыз жарандыгына же кайрылман күбөлүгүнө ээ болушу керек. Балдары менен бир турак жайда жашаганы да эске алынат.

Эгер балдардын апасы каза болуп калган болсо, аларды камкордукка алган адам арыз менен кайрылса болот. Бөөдө кырсыкты же күтүүсүз жагдайды кошпогондо, бала чарчап калган учурда төлөм берилбейт. Мындан тышкары эм төрөлгөн учурда төртүнчү же андан кийинки болуп жарык дүйнөгө келгени тизмеге кошулат.

  • Төртүнчү балага – 100 миң сом;
  • Бешинчи балага – 600 миң сом;
  • Алтынчы балага – 800 миң сом;
  • Жетинчиге – 1 миллион сом;
  • Сегизинчи балага – 1 миллион 200 миң сом;
  • Тогузунчу балага – 1 миллион 500 жүз миң сом;
  • Онунчу жана андан кийинки балага – 2 миллион сом.

Эске салсак, "Бала береке" төлөмү жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров 23-декабрда кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: