super.kg logo

Улуттук банк Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган күмүш тыйынын жүгүртүүгө чыгарат (видео)

 

Бүгүн, 28-апрелден тартып, Улуттук банк Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган "Улуу Жеңишке - 80 жыл" коллекциялык күмүш тыйынын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка ылайык, тыйын "Тарыхый окуялар" сериясынын алкагында чыгарылып, расмий төлөм каражаты статусуна ээ болду. Анын алдыңкы бетинде майрамдык салютту элестеткен "80" саны, кызыл гүлдесте жана жылдыз чагылдырылган. Арткы бетинде канат жайган көгүчкөндөрдүн сүрөтү, "2025" жана "1945" сандары жана өлкөбүздүн герби орун алган.

Тыйындын негизги өзгөчөлүктөрү:

  • номиналы - 10 сом,
  • салмагы - 28,28 грамм,
  • диаметри - 38,61 милиметр,
  • металл сапаты - күмүш (Ag 925),
  • чыгарылган нускасы - 800 даана.

"Ар бир тыйын атайын капсулага салынып, сапат сертификаты жана кутуча менен коштолот. "Улуу Жеңишке - 80 жыл" коллекциялык тыйыны Улуттук банктын мекемелеринде 5 200 сомдон иш күндөрү саат 9:00дөн 14:00гө чейин, ошондой эле www.numizmat.nbkr.kg сайтында сатылат", - деп айтылат маалыматта.






"Улуу Жеңишке - 80 жыл" күмүш тыйыны

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: