Өз үйүндө жубайы экөөнүн сөөгү табылган актёр Хэкмендин өлүмүнүн себеби айтылды
Эки жолку "Оскар" сыйлыгынын ээси, америкалык актёр Жин Хэкмен жүрөк оорусунан каза болгон. Бул тууралуу Fox News телеканалы экспертизанын жыйынтыгына таянып билдирди.
Ал эми анын жубайы Бетси Аракава хантавирустан кайтыш болгон.
Эске салсак, 26-февралда актёр менен анын жубайынын сөөгү АКШнын Санта-Фе шаарындагы үйүнөн табылган. Үйдө иттин өлүгү да болгон. 65 жаштагы Аракава жуунучу бөлмөдөн, 95 жаштагы Хэкмен ашкана бөлмөсүнүн жанынан табылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.