super.kg logo

Кыргызстан быйыл Казакстанга 600 миллион метр кубдан ашык суу берет

 

Кыргызстан быйылкы сугат мезгилинде Казакстанга 600 миллион метр кубдан ашык суу бөлүп берет. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Казакстандын Суу ресурстары жана ирригация министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, суу бөлүп берүү тууралуу Чүй жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык суу чарба объектилерин пайдалануу боюнча казак-кыргыз комиссиясынын 35-жыйынында макулдашылды.

Апрель айынын башталышы менен эле Кыргызстан Казакстанга 45 миллион куб метр суу жөнөттү. Мындан тышкары, апрель айынын аягынан тартып кошумча 400 миллион куб метр суу Талас дарыясы аркылуу, дагы 180 миллион куб метр суу Чүй дарыясы аркылуу багытталат.

Бул суу Жамбыл облусунун аймагындагы айыл чарба талааларын сугарууга колдонулат.

Жыйынга Казакстандын суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов жана өлкөбүздүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Ошондой эле жыйынга эки өлкөнүн ТИМ өкүлдөрү, өзгөчө кырдаалдар министрликтери, экология жана жаратылыш ресурстары боюнча ведомстволору, ошондой эле Жамбыл облусунун акимиатынын өкүлдөрү да катышышты.

Комиссиянын төрагалыгын Казакстан тараптан вице-министр Нурлан Алдамжаров, Кыргызстан тараптан суу ресурстары боюнча кызматтын директору, министрдин орун басары Нурлан Жумаев аткарды.

"Былтыр кыргыз кесиптештерибиз менен биргеликте жүргүзүлгөн ийгиликтүү иштердин аркасында Жамбыл облусунун дыйкандары толук көлөмдө сугат суусу менен камсыздалды. Талас дарыясы аркылуу болжолдонгон 380 миллион куб метрдин ордуна 418 миллион куб метр суу берилди. Ал эми Чүй дарыясы аркылуу 165,3 миллион куб метр суу келип, мурдагы жылга салыштырмалуу 29,7 миллион куб метрге көп болду", - деди министр Нуржан Нуржигитов.

"Жыйындын жүрүшүндө тараптар суу сапатын көзөмөлдөө жана экологияны коргоо боюнча биргелешкен жумушчу топтун ишин да талкуулашты", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: