super.kg logo

Жалданмачылык боюнча кармалгандардын экөө үй камагына чыкты

 

Жалданмачылыкка шектелип кармалган Оштогу "Орус үйү" борборунун кызматкери Наталья Секерина үй камагына чыгарылды. Маалыматты бүгүн, 28-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.

Маалыматка ылайык, аны менен бирге ушундай эле айып менен камакка алынган С.В. аттуу адам да үй камагына чыгарылган. Райондук сот алардын баш коргоо чарасын 25-апрелде караган. Тиешелүү өтүнүчтү УКМКнын тергөөчүсү берген.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Орусиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алган соң кармалгандардын экөө бошотулганын жазып чыгышкан.

Эске салсак, УКМК тарабынан жалданмачылыкка шектелип төрт адам кармалганы белгилүү болгон. Алардын бири Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын кызматкери Сергей Лапушкин. Ошондой эле журналист, Ош шаарындагы "Орус үйүнүн" кызматкери Наталья Секерина жана Орусиялык блогер Виктор Васильев экени маалым болгон. Мындан тышкары С.В. аттуу адам да кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: