Бишкекте милиция кызматкерине кол көтөрүп, формасын айрып салгандар кармалды



Бишкектеги түнкү клубдардын биринде милиция кызматкерине кол көтөргөндөр кармалды. Маалыматты Октябрь РИИБинен тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 27-апрель түнү болгон. Анда мас абалында коомдук тартипти бузуп, уят сөздөрдү айтып жаткан жигиттерге милициянын сержанты эскертүү берген. Алар ага баш ийбестен аны бетке уруп, формасын айрып салышкан.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык, бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 21 жана 20 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:17
2025-06-13

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.