super.kg logo

Садыр Жапаров Түркиянын парламент жетекчиси Нуман Куртулмуш менен жолугушту

 

Бүгүн, 28-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров расмий сапары менен Кыргызстанга келген Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушууда тараптар стратегиялык өнөктөштүктү, парламенттер аралык байланыштарды бекемдөөнү жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Түркия менен ар тармакта кызматташууну кеңейтүүгө чоң маани берерин белгиледи. Ошондой эле саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик-техникалык чөйрөлөрдө өз ара кызматташтыкты кеңейтүү үчүн пайдаланылбаган зор мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

Нуман Куртулмуш жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровго Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын саламын жеткирди жана эки элдин достугун чыңдоого даяр экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: