super.kg logo

Министр Нурдан Орунтаев инвесторлорго кайрылуу жасады

 

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев социалдык тармактагы баракчасында өлкөдө лицензия жана сертификация жаатындагы реформалар толугу менен аягына чыкканын билдирди.

Ал айрым жарандар дагы деле лицензияларды сатып, алардын баасын 200–300 миң долларга чейин көтөрүп жатышканын белгиледи.

"Эгер кимдир бирөө (тышкы инвестор, ички инвестор же курулуш компания ачам деген жаран) лицензия же сертификат алгысы келсе, эч кимден лицензия сатып албастан, түздөн-түз Курулуш министрлигине кайрылса болот. Лицензиянын расмий баасы эң көп дегенде 17 миң 200 доллар болот жана бул сумма түздөн-түз мамлекеттин эсебине төлөнөт. Эч кандай бюрократия жок, кезек күтүүлөр жок, болгону 6 документ тапшырсаңыздар жетиштүү. Лицензия 10 күндүн ичинде берилет.

Ал эми чет өлкөлүк инвесторлорду алдап лицензия саткандарга эскертүү: сатылган лицензиялар жокко чыгарылат жана алдоо фактысы боюнча укук коргоо органдарына кайрылабыз. Чет өлкөлүк инвесторлор, лицензияны көчөдөн сатып албастан, түз бизге кайрылыңыздар. Биз эң жөнөкөй шартта беребиз. Болгону сиздин өлкөдөгү тиешелүү лицензиянын көчүрмөсүн алып келип, 1,5 миллион сом төлөсөңүздөр жетиштүү.

Эгер тышкы же ички инвестордо лицензия таптакыр жок болсо жана 1-деңгээлдеги лицензия керек болсо, азыр жаңы формат бар. Ал – белгилүү бир объектиге гана берилүүчү, ошол жерде иш алып барууга уруксат берген лицензия", - деп жазды ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: