super.kg logo

N-Group курулуш компаниясы Кыргызстан хоккей курама командасын тарыхый жеңиши менен куттуктады

 

N-Group курулуш компаниясы дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунда чемпион болгон Кыргызстан хоккей курама командасын куттуктады. Дүйнө чемпионаты 21–27-апрель күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өттү.

N-Group компаниясынын өкүлдөрү чемпиондорго белек сертификаттарын тапшырып, жогорку жыйынтык үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

«Кыргызстандын хоккей командасы дүйнө чемпиону болду. Биз алардын жетишкендигине сыймыктанабыз жана жеңиш менен алгачкылардан болуп куттуктаганга мүмкүнчүлүк алганыбызга кубанычтабыз», — деди N-Group компаниясынын тең негиздөөчүсү Рустам Каримбеков.

Кыргызстандын хоккей федерациясы N-Group компаниясына өлкөдөгү спорт маданиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана спортчуларды колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

N-Group компаниясы спортту өнүктүрүүгө жана таланттуу жаштарды колдоого дайыма көңүл бурат. Буга чейин компания Кыргыз шахмат союзу менен биргеликте интеллектуалдык спортту өстүрүү максатында N-Group Chess Cup 2025 шахмат турнирин уюштурган. Турнирге 100дөн ашык катышуучу жана ар түрдүү тармактардан келген коноктор — спортчулар, блогерлер, журналисттер, коомдук ишмерлер жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышкан.

Эске салсак, Кыргызстан курама командасы чемпионатта Люксембург, Түштүк Африка Республикасы, Босния жана Герцеговина, Түркмөнстан жана Түркия командаларын жеңип, жалпы 27:5 эсебинде атаандаштарын артта калтырды. Бул жыйынтык менен кыргызстандык хоккейчилер келерки жылы экинчи дивизиондун B тобунда ойноого укук алышты.

N-Group компаниясы мындан ары да Кыргызстандагы спортту өнүктүрүүгө активдүү колдоо көрсөтүүнү пландап жатат.






28.04.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: