super.kg logo

Каныбек Туманбаев МИКтин жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди

 
Бүгүн, 28-апрелде Мамлекеттик ипотекалык компаниясында президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин жетекчилиги алдында жумушчу жыйын өттү.
Президенттин иш башкармалыгы билдиргендей, анын жүрүшүндө Туманбаев МИКтин жетекчилигине бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.
Бүгүнкү күндө арыздарды берүү МИКтин порталы аркылуу жүргүзүлүүдө. Туманбаев бул багыттагы иштерди тездетүүнү талап кылып, МИКке Tunduk тиркемеси аркылуу арыздарды берүү мүмкүнчүлүгүн эң кыска мөөнөттө ишке киргизүүнү тапшырды.
Ошондой эле, жыйында бүгүнкү күндө “Кызмат” мамлекеттик мекемеси бул багыттагы керектүү техникалык чечимдерди иштеп чыккандыгы белгиленди. Учурда кызматты ишке киргизүү акыркы баскычта турат.
“Бардык техникалык иштер аяктады. Жакынкы аралыкта жарандар Tunduk тиркемеси аркылуу бат жана ыңгайлуу түрдө арыздарын бере алышат,” — деп билдирди “Кызмат” мекемесинин директору Урматбек Камбаров.
Мындан тышкары, жыйында жакынкы аралыкта Жалал-Абад облусунда, 870тен ашык батирди жарандарга берүү пландалып жатканы белгиленди.
Туманбаев МИКке кезекте тургандар менен түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүнү, арыз берүү тартиби, тизмелердин түзүлүшү жана батир бөлүштүрүү эрежелери боюнча толук маалымат берүүнү тапшырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: