"Взнос болуп жатпайбы..." Кичинекей төкмөнүн ырдаганы көпчүлүктү суктантты (видео)
Социалдык тармактарда тарап жаткан жаш төкмө акындын ырдаганы көпчүлүктүн алкоосуна татууда.
Видеодон мектеп жашындагы баланын мектеп жөнүндө ырдап жатканын угууга болот.
"Мэрди мындай таштайлы,
Мектептен сөздү баштайлы.
Снос болбосо да мектепте,
Взнос болуп жатпайбы.
Аны уккан кезинде,
Оо, ата-энелер көзүндө
Слёз болуп жатпайбы", - деген жаш төкмө.
Аталган видео азырынча кайсы иш-чарада жана качан тартылганы белгисиз. Жаш төкмөнүн аты-жөнү да айтылган эмес.
29.04.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.