super.kg logo

Путин Жеңиштин 80 жылдыгына карата Украина менен ок атышууну токтотууну жарыялады

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата ок атышууну убактылуу токтотууну жарыялады. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.

Маалымдалгандай, орус армиясы 7синен 8-майга караган түнү Москва убактысы боюнча саат 00:00дөн 10нан 11-майга караган түнү саат 00:00гө чейин бардык аскердик операцияларын токтотот.

"Орусиянын бул чечимин Украина үлгү карманышы керек. Эгер ок атышпоо бузулса, орус армиясы адекваттуу жана эффективдүү жооп берет. Орус тарап Украина кризисинин түпкү себептерин жоюуга даяр. Өнөктөштөр менен конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө багытталган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экенин дагы бир жолу билдирет", — деп айтылат маалыматта.

Путин буга чейин Пасха майрамына карата элдешүү жарыялаган. Ал 19-апрель, саат 18:00дөн 21-апрель, саат 0:00гө чейин созулду. Орус президенти ок атышууну токтотуу учурунда жалпы согуштук аракеттердин деңгээли төмөндөгөнүн белгиледи. Ошол эле учурда эки тарап бири-бирин ок атышпоо келишимин бузду деп айыпташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: