super.kg logo

Адылбек Касымалиев: Туруктуу өнүгүү үчүн жашыл энергетика маанилүү

 

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарында өткөн "Кыргыз Республикасында климаттык каржылоону чыңдоо" конференциясында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүндө климаттык демилгелердин мааниси чоң экендигин белгиледи. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, төраганын айтымында, климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү маселелери Кыргызстандын ички жана тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Президент Садыр Жапаров бул темага бир нече жолу токтолуп, Кыргызстан тоолуу өлкө катары климаттык өзгөрүүлөрдү курч сезип жатканын белгилеген.

Касымалиев билдиргендей, 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын долбоорунда жашыл энергетикага өзгөчө көңүл бурулат. Программанын негизги максаттарынын бири – Кыргызстанды туруктуу өнүгүү максаттарына жеткен алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кошуу.

Учурда жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн 2029-жылга чейинки жаңы программасы даярдалып, анын алкагында жашыл таксономия иштелип чыгууда. Бул экологиялык туруктуулукка багытталган долбоорлорду баалоо жана каржылоого негиз боло тургандыгы маалыматта кошумчаланган.

Ал эми Касымалиев Кыргызстан Париж келишиминин алкагында 2030-жылга чейин парник газдарынын чыгарылышын 44 пайызга кыскартуу жана 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна умтулууну жактай турганын ырастады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: