super.kg logo

Орусия мигранаттарга документтерин иреттөөгө дагы бир мүмкүнчүлүк берди

 

Орусияда миграция мыйзамдарын бузуп жүргөн чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар 2025-жылдын 1-январынан 10-сентябрына чейин укуктук абалын жөнгө салуусу шарт. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Орусиянын президентинин атайын жарлыгы чыккан. Ага ылайык көзөмөлдөгү адамдардын реестрине киргизилген кыргызстандыктар Орусиядан чыгып кетпей туруп, өзүнүн укуктук абалын жөнгө салууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул үчүн 10-сентябрга чейин Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу тууралуу арыз менен кайрылып, иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек келишиминин же жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн тапшыруу зарыл.

Кошумча түрдө, жарандар төмөнкү шарттарга жооп берүүгө тийиш:

• мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон жана сүрөткө тартылуудан өтүү;
• медициналык кароодон өтүү;
• Орусиянын мыйзамдары менен белгиленген милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздары болбошу керек.

"Убактылуу жашоо мөөнөтүн узартуу боюнча арыз менен кайрылган учурда, Кыргызстандын жаранын административдик жоопкерчиликке тартуу маселеси каралат жана айып пул салуу менен чектелип, административдик чыгаруу чарасы колдонулбайт", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик жарандарга миграциялык каттоого байланыштуу мыйзам талаптарын сактоону сунуштайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: