super.kg logo

Кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иши башталды

 

Бүгүн, 29-апрелде Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн чектешкен жеринде, тагыраагы, Төрт-Гүл айыл аймагынын Кошмоло жерлигинде кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалым болгондой, демаркация иштерин баштоого Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев онлайн форматта катышып, старт берген. Чек араны тосуу иштеринин жүрүшү үчүн аталган аймакка атайын талаа шаарчасы курулуп, чек арачылар үчүн шарттар түзүлгөн. Атайын техникалар алынып келинген.

"Биринчи этапта 420 чакырым аралыкта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына зым тартылат. Бул иш-аракеттерди жыл аягына чейин бүткөрүү пландалган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 13-мартта Бишкектеги "Ынтымак ордодо" эки өлкөнүн президенттери чек ара боюнча келишимге кол коюшкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.04.2025. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эң соонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: