super.kg logo

Орусияда жол кырсыкка кабылган Кыргыз жарандарынын абалы айтылды

 

Орусиянын Хабаровск крайынын Комсомольск-на-Амуре шаарында жол кырсыгына кабылган эки Кыргыз жараны ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.

Белгилүү болгондой, алардын биринин абалы туруктуу, туугандары менен байланышка чыкты. Экинчисине операция жасалып, башындагы уюган кан алынган, абалы оор. Жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгарылып, өз алдынча дем алып жатат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Владивосток шаарындагы бөлүмү жана Ардактуу консулу медицина мекемеси жана жабыркагандардын туугандары менен туруктуу байланышта болууда.

Окуя боюнча тергөө органдары тарабынан Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси (Жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин жана транспорт каражаттарын пайдалануу тартибин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин көзөмөлүндө турат.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-апрелде Орусияда эки Кыргыз жараны жол кырсыгына кабылганы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: