super.kg logo

Билим берүү министри "Стоп буллинг" уюлдук тиркемесин иштеп чыккан окуучулар менен жолугушту

 

Кечээ, 29-апрелде Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарындагы "Айчүрөк" кыздар лицейинин 8-классынын окуучулары менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушууда Каныкей Чыңгызова, Мунира Базлакунова жана Канзада Маташова министрге өздөрү иштеп чыккан "Стоп буллинг" аттуу уюлдук тиркемени тааныштырды. Министр окуучулардын демилгесин жогору баалап, тиркеменин актуалдуулугуна токтолду.

"Бул тиркемени Кыргызстандын бардык балдары колдоно алгыдай болушу керек. Кыргызча да, орусча да жеткиликтүү болушу зарыл. Тиркемеге кесиптик багыт берүү, министрлик тарабынан сунушталган акысыз курстар, квоталар жана жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу акысыз тесттер тууралуу маалыматтарды да киргизүүгө болот", - деди Догдуркүл Кендирбаева.

"Стоп буллинг" уюлдук тиркемесине төмөнкү функциялар киргизилген:

  • Чукул жардам үчүн SOS баскычы;
  • Буллингге каршы ар түрдүү постерлер;
  • Психологдун жардамын сунуштаган чат-бот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: