Ноокатта Маданият үйү менен стадион мамлекетке алынды



Ош облусунун Ноокат районунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мүлктөр мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Жаңы-Ноокат айылындагы Маданият үйү 0,99 гектар жери менен жана Фрунзе айылында жайгашкан стадион 1,75 гектар жери менен жеке жактарга өтүп кеткени аныкталган.
Башкы прокуратура аталган мүлктөрдүн жалпы баасы 156 миллион 965 миң 700 сом деп бааланганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.