super.kg logo

Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүнө алфальт төшөлүүдө 

 

Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү реконструкцияланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата–Корумду унаа жолунун 77,5-81,4-чакырымдар аралыгын, тагыраагы узундугу 3,9 чакырымды түзгөн жол тилкеси реконструкцияланууда.

Курулушту колго алган "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы жана "Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн" компаниясы тарабынан азыркы тапта асфальттын биринчи катмары төшөлүүдө.

"Долбоорго ылайык, 4 тилкеден турган жолдун ар бир тилкеси 3,5 метрди түзүп, жалпы унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14 метр болот. Эл аралык макамга ээ болгон бул жолдун интенсивдүүлүгүн эске алып, жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында алгач 9 сантиметр калыңдыктагы асфальттын биринчи катмары, андан соң 6 сантиметр (ШМА) калыңдыктагы асфальттын жогорку катмары төшөлөт", - деп билдирди министрлик.

Ошондой эле долбоордо суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, жол четине лотокторду жана бордюр таштарды коюу, жолдун эки тарабына унаа токтотуучу жайларды жана тротуар куруу, 2 көпүрөнү оңдоо иштери да каралган. Жеринде 70тен ашык техника жана 180ге чукул жумушчу иштеп, иш ыргагы белгиленген график боюнча уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: