super.kg logo

"Амантай менен Айтуяк" анимациялык тасмасынын авторлору билим берүүнүн өкүлдөрү менен жолугушту

 

Кечээ, 29-апрелде мектепке чейинки курактагы балдар үчүн даярдалган "Амантай менен Айтуяк" аттуу жаңы анимациялык тасманын автору жана режиссёру Айбек Дайырбеков, ошондой эле сценарийдин автору Токтобек Үсөнов билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Билим берүү министринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушууда мультфильмдин 12 сериясына карата кыскача мазмундары сунушталып, алар боюнча пикирлер жана сунуштар айтылды.

Анимациялык сериалдын сценарийинде төмөнкү баалуулуктар чагылдырылган:

  • Адамдагы асыл сапаттарды калыптандыруу,
  • айлана-чөйрөгө камкор мамиле жасоо,
  • китеп окууга жана билим алууга кызыктыруу,
  • өзүн-өзү өнүктүрүүгө үндөө,
  • бири-бирин колдоого үйрөтүү.

Бул мазмундук линиялар тажрыйбалуу тарбиячылар жана мектепке чейинки билим берүү тармагынын эксперттери менен биргеликте иштелип чыккандыгы маалыматта кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: