Жапониядагы окуу жай документтерди кабыл алууда
Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги 2026-жылга карата Жапония өкмөтүнүн MEXT программалары боюнча документтерди кабыл ала баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, программалар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- "Студент – бакалавр" программасы (Undergraduate students)
- "Техникалык коллеждин студенти" программасы (College of Technology (KOSEN) students)
- "Кесиптик окуу коллежинин студенти" программасы (Specialized Training College students)
Документтерди 20-июнь саат 17:00гө чейин Бишкек шаарындагы Ташкент көчөсү, 35/1 дарегине тапшырууга болот. Көрсөтүлгөн убакыттан кийин тапшырылган документтер кабыл алынбайт.
Кененирээк маалыматты жана анкета формаларын Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинен же расмий сайттан табууга болот:
https://www.kg.emb-japan.go.jp/itpr_ru/education_ru.html
Байланыш үчүн: Тел.: (0312) 375515 / 375516, E-mail: culture-japan@be.mofa.go.jp
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.